// //

Алиментке арыз жазсам, жолдошум үй алып береби?

2019.08.01, 16:31
1110

Саламатсызбы! Менин эки балам бар, үчүнчүсү жарыкка келейин деп калды. Ата-энем кичинемде ажырашып кеткен, алар менен катышпайм. Чоң атамдын колунда чоңойгом. Алар өткөн соң, ал жерге да батпай калдым. Тилекке каршы жолдошум менен жашообуз болбой жатат. Мен алимент өндүрүүгө арыз жазсам, ал мага үй алып бергенге укуктуубу же жокпу? Мен 3 балам менен кайда барам? 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
01.08.2019, 16:33

Нурислам Раимжанов

"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи 

Саламатсызбы! Үч же андан көп балага жолдошуңуз иштеп тапканынын жана (же) дагы башка кирешесинин жарымы өлчөмүндөгү алимент төлөйт.

Мыйзамда, "Эмгек акынын жана (же) колдо кирешенин жоктугу балдарды багуу боюнча милдеттерден жолдошуңузду бошотпойт жана ал белгиленген өлчөмдө алимент төлөө үчүн каражатты өз алдынча издеп табууга, ошол жердеги орточо эмгек акынын өлчөмүнө жараша же алиментти кыймылдуу, болбосо кыймылсыз мүлк же балага же балдарга барабар үлүштөрдө менчигине берүү жолу менен анын бөлүгү менен жаап берүүгө милдеттүү" деп көрсөтүлгөн.

Бирок, үй куруп берүүгө милдеттүү эмес. Болгону жолдошуңуз өзү каалап үй куруп, аны алименттин эсебинен балдарга өткөрүп берүүсү мүмкүн. 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт