// //

Москвадагы таанышым кредитине мени кошуп коюптур. Эмне кылсам болот?

2019.08.01, 13:48
1164

Саламатсызбы? Менин Москвадагы бир таанышым кредит алып, ага мени да кошкон экен. Эми мага Москвадан чалып жатышат. Эмне кылсам болот? Тиги таанышым телефонун өчүрүп коюптур.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
01.08.2019, 13:49

Нурислам Раимжанов

"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи 

Урматтуу окурман! Карыз алуучунун кредиттик келишим боюнча милдеттенмелеринин аткарылышы күрөө, кепилдөө, кепилдиктер жана мыйзамдарда каралган башка ыкмалар аркылуу камсыз кылынышы мүмкүн. Эми бул сөздөрдү түшүндүрүп берсем.

Таанышыңыз насыя алып жатып, "эгер алган кредиттин суммасын төлөй албай калсам, менин ордума кепилдөөчүм төлөйт" деп, сизди өзү менен чогуу ошол банкка алып барып, макулдугуңуздун негизинде акчаны алышы керек эле.

Бирок, сурооңузга караганда, таанышыңыз сизге айтпай эле кредит алып, сизди кепилдөөчү катары көрсөтүп койгон окшойт. Ал адам макулдугуңуз жок эле сизди көрсөткөн болсо анда бул мыйзамсыз. Сиз банктын мындай аракетине карата Россия Федерациясынын прокуратура органына арыз менен кайрылсаңыз болот. Анткени, банк макулдугуңуз жок, сизди кепилдөөчү катары каттоого албоосу керек эле.

 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт