Сугат жериңердин кирешеси көп деп жөлөкпул чектебей жатышат. Эмне кылсак болот?
Саламатсызбы! Мен Нарын районунан жазып жатам. 2 балам бар, күйөөм экөөбүз тең иштебейбиз. Жөлөкпул алалы десек, сугат жериңердин кирешеси көп болуп кетет деп чектебей жатышат. Жолдошума тиешелүү үлүш жер болгону 0,28. Кантип жөлөкпул алсак болот? Айылда жумуш жок, балдарыбыз кичинекей, карыган апабыз бар.
Айкөл Турганбаева
КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин мамлекеттик жөлөк пулдар жана акчалай компенсациялар башкармалыгынын кызматкери
Саламатсызбы! “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулу үй-бүлөнүн кирешесин эске алуу менен чектелет. Кирешелерге: айлык акы, стипендия, ишкердик кылуудан түшкөн киреше, жер жана үйгө караштуу участокторду иштетүүдөн, мал чарбасынан түшкөн кирешелер жана башкалар кирет.
Эгер силерде жер бар болсо, жердин өлчөмү менен сапатын көрсөтүү менен, жер үлүшүнүн жана үйгө карштуу жер участогунун болушу тууралуу айыл өкмөтүнөн маалымкат талап кылынат.
Жер үлүштөрүнүн түшүмдүүлүгү жана сапаты боюнча атайын нормативдер каралып, ар бир региондо ар кандай өлчөмдө белгиленген. Сиз Нарын районунун кайсы айыл аймагынан экениңизди толук жазсаңыз, жер үлүшүңүз тууралуу кененирээк маалымат бермекпиз.
“Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун чектөөдө чогуу жашаган карылардын пенсиясы киреше катары эсептелбейт.
Сиз сурооңузду толуктап КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигин +996 557 700 845 WhatsApp номерине кайрадан жазыңыз.
Жөлөкпул чектөөдө негизсиз баш тарткан болсо, Нарын районундагы социалдык маселелер боюнча комиссияга кайрылсаңыз болот.