// //

Үйүбүздү кайын энемден кантип алсам болот? Юрист жооп берет

2019.07.31, 13:21
1311

Саламатсызбы! Жолдошум экөөбүз чогуу иштеп там салганбыз. Үй кайын энемдин атына катталган. 2 жыл мурун күйөөм каза болуп калды. Эми кайын энем үйүбүздү бербей жатат. Баламын атына кантип өткөрсөм болот? 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
31.07.2019, 13:25

Нурислам Раимжанов

Юрист

Саламатсызбы! Үйдү качан жана кимден сатып алгансыңар? Кайын энеңиздин атына эмне болуп катталып калган? Сатып алып жатканда акчаны ким берген? Буларды тактоо зарыл. Бүгүнкү күндө мүлк кайын энеңиздин мүлкү болуп эсептелет. Ал кааласа өткөрүп берет, каалабаса жок. Сизге азыр так маалымат берүү кыйын.

Чынында эле жерди жолдошуңуз менен сатып алып, үй курсаңар, мүлк силерге катталышы керек эле. Кайын энеңиз бергиси келбесе сот аркылуу сатып алуу келишимин бузуу керек. Бир жолу бар: “Үйдү биз сатып алганбыз, кайын энеме каттатып койгонбуз, бүгүнкү күндө кайын энем бизге өткөрүп бербей жатат, ошондуктан сатып алуу келишимин жараксыз деп табуу керек” деп жерди баштапкы ээсине кайтарып, ал кайра силерге өткөрүп бериши зарыл. Бир сөз менен айтканда тактай турчу жагдайлар көп, документтерди көрмөйүн, бир нерсе деп айта албайм.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт