// //

Ажырашуу чечимине каршымын деп арыз жазсам болобу?

2019.07.30, 11:36
1078

Саламатсызбы! Ажырашуу чечими чыккан соң, кайра каршымын деп арыз жазсам болобу?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
30.07.2019, 11:51

Нурислам Раимжанов

Юрист

Саламатсызбы! Сот ажыраштыруу чечимин кабыл алгандан кийин, бир айдын ичинде эмне себептен каршы экенин айтып, кайра арыз жазсаңыз болот. Жүйөөлүү себептерден улам, бул бир айлык мөөнөттү өткөрүп жиберсеңиз, анда 3 айдын ичинде ажырашуу боюнча биринчи инстанциялык соттун чечимине даттануу берүүнүн мөөнөтүн калыбына келтирип бериңиз деп аппеляциялык даттануу менен экинчи инстанциялык сотко кайрылыңыз.

 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт