Өзбекстанда төрөлгөндүктөн фамилиям "угли" деп жазылып калган. Кантип өзгөртөм?
Саламатсызбы. Мен Өзбекстанда төрөлгөндүктөн күбөлүгүмө угли, деп жазылып калган. Азыр ата-энем менен Кыргызстанда жашайбыз. Мектепти да бул жактан аяктадым. Кийинки жылы жогорку окуу жайды аяктап, диплом алам, ал жака Абдукерим уулу болуп жазылышын каалайм. Күбөлүгүмдү уулу кылып оңдотуп келсем болобу, көйгөй жаралбайбы?
Бакай Алишеров
КР Мамлекеттик каттоо кызматынын пресс-катчысы
Саламатчылык. Албетте, болот. Туулгандыгыңыз тууралуу күбөлүгүңүздү алмаштырып келсеңиз, тоскоолдуксуз паспортуңузду алмаштыра аласыз, аны менен дипломуңуздагы атыңыз да сиз каалагандай болуп жазылат. Паспорт алуу үчүн тиешелүү документтердин бардыгын даярдасаңыз, 12 күндүн ичинде документти колго аласыз.
Мамлекеттке төлөнүүчү салыктын көлөмү – 260 сом.
Кененирээк маалымат алуу үчүн 119 номерине чалсаңыз болот.
Ийгилик!