// //

Өспүрүмдөрдүн кайдыгерлигин кантип жойсо болот?

2019.07.25, 15:22
958

Өспүрүмдөрдүн кайдыгерлигин кантип жойсо болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
25.07.2019, 15:25

Бермет Наралиева

@bermetnaralieva

Психолог

Кайдыгерлик бул – өспүрүмдүн өзүнө карата психологиялык коргоо механизми. Ата-эне баласы үчүн психолог болушу керек. Эмнеге кайдыгер болуп жатканын аныктап, анын үстүнөн иш алып баруусу керек болот.  
Ата-эне адиске баласынын атынан мындай суроо менен кайрылбай, алгач өзү психологдон кеңеш алганы жакшы.  

Кайдыгерликтен арылуунун бирден-бир жолу өспүрүмдүн кызыкчылык чөйрөсүн аныктоо. Ал  үчүн төмөндөгү суроолорго жооп издеп көрүңүз.

  • Эмнеге кызыгат?
  • Эмне менен алектенгиси келет?
  • Эмне аны канааттандырбайт?
  • Эмнеге же кимге нааразы?
  • Кандай мамиле анын кыжырдануусун келтирип, кайдыгерликти же агрессияны пайда кылат?

Бул суроолорго жоопту алуу кыйын болсо, сөзсүз психологго кайрылыш керек.

Психолог, бала маселенин себебин айтпаса деле анын кызыкчылыгын, өзгөчөлүгүн, компетенциясын аныктай алат. Кайсыл сферада жөндөмү бар экенин,  кандай кесип туура келе турганын, кайсыл багытта өз мүмкүнчүлүктөрүн өстүрүү керек экенин психологиялык тесттер аркалуу аныктоого жардам берет.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт