Ажырашсам чогулткан акчамды күйөөм талашпайбы? Юрист жооп берет
2019.07.25, 11:20
1330
Саламатсызбы! Мен күйөөгө тийгенге чейин өз атыман банктан депозит ачкам. Учурда ал жерде көп суммадагы акча бар. Эгер ЗАГС кыркыла турган болсо, акчам ортодогу мүлккө кирип, күйөөм талаша албайбы?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
25.07.2019, 11:22
Нурислам Раимжанов
Юрист
Саламатсызбы! Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө Кодексинин 37-беренесинин 1-бөлүгүндө “Никеге турганга чейин жубайлардын ар бирине таандык болгон мүлк, ошондой эле никеде турган учурда жубайлардын бири мурас катары же дагы башка бекер бүтүмдөр боюнча алган белек (жубайлардын ар биринин мүлкү) анын менчиги болуп саналат” деп көрсөтүлгөн. Ошондуктан, эгер сиздин мүлкүңүз никелешүүгө чейин болгон болсо, анда ал сиздин жеке мүлкүнүз жана нике бузулгандан кийин же азыркы учурда деле жолдошуңуз талашууга укугу жок.
0
Пайдалуу жооп