Апам 60 миң сом карызын төлөй албай жатат. Эмне кылса болот?
2019.07.24, 15:49
1208
Саламатсызбы! Апам бирөөдөн карызга процентке деп 60 миң сом алган. Бир жыл болду бере албай жатабыз. Акча берген эже соттошом деп жатат. Ишеним кат жазып бергенбиз. Эмне кылсак болот?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
24.07.2019, 15:54
Нурислам Раимжанов
Юрист
Урматтуу окурман! Маселеңер силерге карыз акча берген адам менен сүйлөшүү жолу аркылуу чечилет. Колдон келишинче акчаны кайтарууга аракет кылгыла. Дагы бир белгилеп кетчү жагдай, пайызы жок эле акчанын өзүн кайтарабыз деп айткыла. Эгер апаңызды сотко берсе, сотто да 60 миң төөлөгө макул экениңерди, ал эми пайызын төлөөгө макул эместигиңерди билдирүүнү сунуштайм. Мындан ары пайызга акча албагыла.
0
Пайдалуу жооп