Сатып алган жеримдин документин жоготуп алдым. Эмне кылсам болот?
2000-жылдары, Ош жергесинин Дача конушунан жер алгам. Баланча сомго сатканым анык деп, тил кат жазып берген. Тил катты, багбанчылык-чарба жүргүзүү тилкесинин китепчесин жоготуп алдым. Колумда мамлекеттик АКТ гана бар. Жерди саткан адамды таппай жатам. Эмне кылсам болот?
Чыңгыз Мырзабеков
Юрист
Жер тилкесин 2000-жылы алып, ал жерди ак ниеттүү пайдаланып, салык жана башка төлөмдөрүн төлөп, өз менчигиңиздей пайдаланып келсеңиз, Кыргыз Республикасынын Жарандык Кодексинин 265-беренсине ылайык мүлктүн ээси болуп саналбаган, бирок, он беш жыл бою кыймылсыз же беш жыл бою башка мүлктүн ээсимин деп, өзүн ак ниеттүүлүк менен, ачык санаган жаран ээлик кылуу укугун ала алат. Ээлик кылуу укугун алуу үчүн мүлк жайгашкан жердеги сотко арыз менен кайрылыңыз. Себеби, менчик бул - кол тийгиз, ал соттун чечими менен гана алынышы мүмкүн.