Россиянын кара тизмесиндемин. Башка паспорт алып, кайрадан барсам болобу?
Азыркы учурда Россиянын кара тизмесиндемин. Башка паспорт алып, аты-жөнүмдү өзгөртүп, кайрадан Россияга барсам болобу?
Чынгыз Мырзабеков
Юрист
Кыргыз Республикасынын Жарандык Абалдын Актыларын Каттоо жөнүндө мыйзамга ылайык ар ким өзүнүн атын, фамилиясын, атасынын атын өзгөртүүгө укуктуу. Бирок, эмне себептеп өзгөртүп жаткандыгыңыз жөнүндө билдирүүсү зарыл. Сиз башка нерсени негиз кылып аты-жөнүңүздү өзгөрткөнүңүз менен, паспорттогу персоналдык номер өзгөрбөйт. Демек аты-жөнүңүздү өзгөрткөнүңүздү аныктоо кыйынга турбайт. Алдоо жолу менен киргениңиз аныкталып, жоопкерчиликке тартылып калышыңыз мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын жараны Россия Федерациясынын аймагында жүрүү тартиби жөнүндө атайын эл аралык келишимге ылайык, Россиянын мыйзамдарына баш ийип, миграциялык тартиптерин сактоосу зарыл.
Жакында Миграциялык мунапыс жарыяланды, сиз 30 күндүк каттоо мөөнөтүн бузуу сыяктуу жеңил административдик бузууларды жасаган болсоңуз, мунапыс колдонулат. Ал эми сот аркылуу кара тизмеге киргизилген болсоңуз, же издөөдө жүргөн болсоңуз бул миграциялык мунапыс жайылтылбайт.