Алимент алса жөлөкпул берилбейби? Адис жооп берет
Курбум күйөөсү менен мыйзамдуу түрдө ажыраша элек, бирок 2-3 жылдан бери чогуу жашабайт. Ортолорунда 3 бала бар. Күйөөсү аларга жардам бербейт. Алимент кестирсе да, бир да сом төлөй элек. Алимент алса жөлөкпул берилбейт деп айтышат. Курбум кантип жөлөкпул алса болот?
Айкөл Турганбаева
КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин мамлекеттик жөлөк пулдар жана акчалай компенсациялар башкармалыгынын кызматкери
Саламатсызбы! “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун чектөөдө, алимент киреше катары эске алынат. Бирок, бул жерде алименттин өлчөмү маанилүү.
Эгер алименттин өлчөмү аз болсо, үй-бүлөнүн жыйынды кирешесин ар бир үй-бүлө мүчөсүнө бөлгөндө, кепилденген эң төмөнкү кирешенин өлчөмүнөн төмөн болсо, тактап айтканда 900 сомдон аз болгон учурда жөлөкпул берилет.
Алимент кесилип, бирок акча төлөнө элек болсо, бул тууралуу соттон маалымкат алса болот. Жөлөкпул чектөөдө соттун маалымкаты эске алынат.