Эхинококкоз менен ооругам, өзүм көз жара аламбы?
2019.07.23, 09:40
864
Беш айлык кош бойлуумун. 2018-жылы боорумдан (эхинококкоз) операция болгом. Төрөй аламбы деп коркуп жатам. Азыркы учурда боорум ооруп калат. Же боюнда бар кезде баардык жер ушинтип оорутабы?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
23.07.2019, 09:43
Акылай Исмаилова
Акушер-гинеколог
Окурман, биринчиден жашаган жериңиз боюнча гинекологдун каттоосуна туруңуз. Экинчиден гепатологдон консультация алып, керектүү анализдерди тапшырыңыз.
Сиз сыяктуу кош бойлууларды “жогорку деңгээлдеги коркунучу бар бейтап” деп коет. Сиздин кош бойлуулукту көзөмөлдөө бир аз башкача шартта жүргүзүлөт. Бирок өтө көп кабатырлануунун кереги жок. Болгону акушер-гинеколог жана гепатологдун көзөмөлүндө болуу керек.
Аман-эсен көз жарып алыңыз!
0
Пайдалуу жооп