Юристтин кызматынан баш тартсам, 20 миң сом сурап жатат. Эмне кылсам болот?
Алимент маселеси боюнча юристке кайрылсам 42 миң сом сурады. Макул болуп, келишим түзүп, 10 миң сомун бергем. "Калганын бере албайм, акчам жок, баш тартам" десем, юрист "20 миң сом камсыздандыруу үчүн төлөйсүң" деп жатат. Келишимде антип жазылган эмес. Эмне кылсам болот?
Нурислам Раимжанов
Юрист
Урматтуу окурман! Bilesinbi.kg сайтынын командасы менен силердин түрдүү суролоруңарга жооп берип, калктын укуктук билимдерин жогорулатуу максатында иш алып баруудабыз. Ошондуктан эч тартынбай суроо берсеңер болот. Сиз бул сайт аркылуу алиментти кантип өндүрсө болоорун билип, өзүңүз эле арыз жазып, сотко кайрылсаңыз болот эле. Анткени, алимент өндүрүү жөнүндө арыз оңой эле жазылат жана эч кандай юрист же жактоочунун кереги жок болчу.
Сурооңузга токтолсом, сиз юрист менен келишим түзгөн экенсиз, келишимде акчаны кайтаруу же келишимди бузуу шарттары көрсөтүлүүсү керек. Эгерде сиз бизге ал келишимди жиберсеңиз, кененирээк жооп берүүгө аракет кылабыз. Алимент өндүрүү үчүн 42 миң сом аябай эле көп деп эсептеймин.