Орус тилин үйрөнүү үчүн филологдон 7 реалдуу кеңеш
2019.07.22, 12:59
12439
Өнөр алды кызыл тил. Канчалык көп тил билсең, дүйнө таанымың кеңейип, маалымат алуу булактарың көбөйөт. Көп жылдан бери кыргыздарга орусча үйрөтүп келген филолог Периза Осмонова өзүнүн тажрыйбасында колдонгон реалдуу кеңештери менен Bilesinbi.kg’ге бөлүштү.
- Тилди үйрөнүүдө кеп үлгүлөрү аркылуу үйрөнүү кыйла жеңил жана эффективдүүрөөк. Жөн эле сөздөрдү жаттоодон пайда жок. Турмушта колдонуучу кеп үлгүлөрүн/сүйлөмдөрдү эстеп, көбүрөөк колдонууга аракет кылуу зарыл.
- Бир кеп үлгүсүн алып, күнүгө 5-10 мүнөт жаттап, түрдүу варианттарда, айтып көрүңүз. Мисалы: Я пойду в школу. Деген сүйлөмдү этиштин чактарын өзгөртүп түзүп көрүңүз.
- Өткөн чак: Я пошел в школу.
- Учур чак: Я иду в школу.
- Келер чак: Я пойду в школу.
- Ошондой эле орус тилинде кыргыз тилинен айырмаланып мужской, женский, средний род деген бар. Ошол эле сүйлөмдү род боюнча өзгөртүңүз. Мисалы:
- Женский род: Я пошла в школу.
- Мужской род: Я пошел в школу.
- Сөздүк дептер ачыңыз. Ал дептерге угуп калган сөздөрдүн синоним, антонимдерин жазыңыз. Мисалы:
- большая школа – маленькая школа;
- хорошая погода - плохая погода;
- Сүйлөм түзүп көрүңүз. Мисалы:
- В нашем селе построили большую школу.
- Раньше школа была маленьая и старая.
- Сегодня хорошая погода, мы пойдем на озеро.
- Вчера была плохая погода, поэтому мы не купались в озере.
- Орусча ток-шоу, мультфильмдерди көбүрөөк көрүңүз. Ток-шоуда каармандар турмушта колдонуучу жөнөкөй сөздөр менен сүйлөшөт.
- Тил үйрөнүүдө күнүгө ал тилде: жазыш керек, окуш керек, угуш керек жана сүйлөш керек. Колдон келсе, ошол тилде көбүрөөк сүйлөшкөнгө аракет кылыңыз. Андай мүмкүнчүлук жок болсо, күндө күндөлүк толтуруп, бир күнүңөрдү сүрөттөп жазыңыз, үн чыгарып окуңуз. Жазганыңар боюнча суроо берип, кайра жооп кайтарыңыз.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.