Күбөлүктөгү “атасы” деген графага атасынын макулдугу жок атын жаздырса болобу?
2019.07.22, 12:38
1195
Бала нике күбөлүгү жок кезде төрөлсө деле “атасы” деген графага атасынын атын жаздырса болобу? Же атасынын макулдугу керекпи?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
22.07.2019, 12:43
Нурислам Раимжанов
Юрист
Ортодо никелешүү күбөлүгү жок болсо “атасы” деген графага атасынын атын жаздырууга болбойт. Бирок балага өзүңүздүн фамилияны берип, ал эми "атасынын аты" (отчество) деген жерге жолдошуңуздун (баланын атасынын) атын жаздырсаңыз болот.
Ал эми “атасы” деген графага атасынын аты-жөнүн макулдугу жок жаздыра албайсыз. Эгер баланын атасы макулдугун бербесе сотко кайрылып, аталыгын тастыктасаңыз болот.
0
Пайдалуу жооп