SIM-картаны калыбына келтирүү жолдору
Телефонуңузду уурдатып же SIM-картаңызды жоготуп алдыңызбы? Капаланбаңыз, мурунку номерди оңой эле кайра калыбына келтирип койсо болот. Эмне кылуу керектигин төмөндөн окуңуз.
1. SIM-картаны калыбына келтирүү үчүн кайсы уюлдук компаниянын абоненти болсоңуз, ошол компаниянын сатуу жана тейлөө борборуна же фирмалык салонунуна кайрылыңыз.
2. Жаныңызда инсандыгыңызды тастыктаган документ болсун: паспорт, айдоочунун күбөлүгү, аскер билети ж.б.
3. SIM–карта бузулган же блокко түшкөн учурда, жаныңызда SIM–картанын өзү болушу кажет.
4. Номериңизди буга чейин каттоодон өткөргөн эмес болсоңуз, SIM-карта бузулган же блокко түшкөн учурда тейлөө келишими акысыз түзүлөт (16га чыккан жактар менен). Жаныңызда инсандыгыңызды ырастаган документ, SIM-карта жана анын тышы болуусу зарыл.
5. SIM–картанын тышы жок болсо, тастыктөө үчүн 1-2 айдын ичинде сизге көп чалган 5 номурду көрсөтүшүңүз керек. Буга кошумча төмөндөгү пунктардын эң аз дегенде экөөсү боюнча маалымат берүүңүз зарыл:
- туташуу күнү
- акыркы төлөм аткарылган күн же суммасы
- жоготуу учуруна чейинки номерге кошулган кызматтарды жана аракеттеги тарифтик планды
- SIM – картанын ICC номуру
- SIM – картаны сатып алуу дүмүрчөгү
- божомол менен акыркы жолу чалган номер жана күн.