Күйөөм мүлкүбүздү агасына өткөрүп койду. Эмне кылсам болот?
Күйөөм менен жашабай калганыма 3 ай болду. 2 жашар кызыбыз бар. Алимент төлөбөй жатат. ЖААКты бөлөйүн десем, ортодогу мүлктөрдү агасына өткөрүп берип койгон. Эмне кылсак болот?
Нурислам Раимжанов
Юрист
Урматтуу окурман, күйөөңүз алимент төлөбөй жатса, аны жоопкерчиликке тартуу боюнча сот аткаруучуга арыз менен кайрылыңыз. Сот аткаруучу сиздин арызыңыз боюнча материалдарды милицияга өткөрүп берет, милиция ишти сотко чейинки өндүрүшкө кабыл алып, тергеп кийин сотко өткөрөт жана сот жоопкерчиликке тартат.
Ажырашуу жана мүлк маселеси боюнча тактай турган бир топ жагдайлар бар экен. Мүлктү качан алгансыңар жана ал мүлктөрдү агасынын атына качан өткөргөн? Буларды билбей туруп бир нерсе деп айтуу кыйын. Эгер жакшы жактоочу жалдасаңыз, ишиңиз тез жана оңой бүтөт деген ойдомун.