// //

Карызкордон акчамды кантип алсам болот? Юрист жооп берет

2019.07.19, 14:06
1011

Саламатсызбы! Февраль айында машина саткам. Сатып алучу "35 миң сомун бир айга рассрочка кылыңыз" дегенинен макул болгом. Тил кат жаздырып, паспортун сүрөткө тартып алгам. Мөөнөтү келгенде паспортунда жазылган дарегине барсам, андай адам жашаган эмес дешти. Эми акчамды кантип кайтарып алсам болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
19.07.2019, 14:11

Нурислам Раимжанов

Юрист

Урматтуу окурман! Милицияга арыз менен кайрылыңыз. Анткени, сизден автоунааны алган адам алдамчылык, башкача айтканда алдоо же ишенимге кыянаттык кылуу жолу менен олуттуу өлчөмдөгү бөтөн мүлктү ээлеп алуу же мүлккө болгон укукка ээ болуу кылган деп эсептейм. Милицияга ал киши жазып берген тил катты берүүнүн кажети жок, жазган арызыңыз жетиштүү болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт