Турак жайды жаңы эрежелерге ылайык сатуу же сатып алуу: эскроу-эсеп деген эмне?
Кыргызстанда мүлктү сатып алуу же сатуу, эскирип калган жол менен, тактап айтканда акчаны колго берүү аркылуу жүзөгө ашырылат. Тилекке каршы, кээде бул терс кесепеттерге алып келиши мүмкүн.
Кыймылсыз мүлк же машина сатып же сатып алып жатканда коркунучтарды алдын алуу үчүн дүйнөлүк практикада көптөн бери «эскроу-эсеп» колдонулат, ал абдан популярдуу жана мындай келишимдер үчүн коопсуздукту камсыз кылат.
Эскроу-эсеп кантип иштейт?
Бул эсеп сатып жана сатып алуучулар үчүн өз ара эсептешүүдө толук коопсуздукту камсыз кылат. Мисалы, "Бай Түшүм" Банкынан мындай эсеп ачуу менен, кыймылсыз мүлк же машина сатып алып жаткан сатып алуучунун акча каражаттары, коммерциялык келишим аягына чыгып, соода-сатык документтери таризделип бүткүчө, убактылуу блокто болот.
Келишим аягына чыгып, документтердин баары таризделип, тастыктоо катары банкка көрсөтүлгөндөн кийин гана - акчага ээлик кылуу жаан тескөө укугу сатуучуга берилет.
Эскроу-эсепке сакталган сумма мынча сомдон башталыш керек деген чектөө жок. Мисалы, эски запорожецтин баасына же ири бизнестин наркына ылайык болушу мүмкүн.
Эскроу-эсеп кантип иштейт?
- Сатуучу жана сатып алуучу эскроу-эсеп ачуу үчүн "Бай Түшүм" Банкына келет.
- Үч тараптуу келишим түзүлөт. Сатып алуучу келишимде белгиленген сумманы накталай же өзүнүн эсебинен эскроу-эсепке которот.
- Келишим аягына чыгып, керектүү документтерге кол коюлганга чейин банк эсепти блокко түшүрөт, сатып алуучуга эскроу-эсептеги акча каражаттары тууралуу маалымкат берет.
- Тараптар коммерциялык келишимди ыйгарым укуктуу мекемелерде каттайт - нотаирус же мамлекеттик реестр.
- Андан кийин, кыймылсыз мүлктүн сатып алуучунун пайдасына катталгандыгын тастыктоочу документ банкка көрсөтүлөт.
- Сатуучу эскроу-эсепти башкаруу укугун алат, акчаны каалагандай тескейт.
Эскору-эсепти канча сомго ачса болот?
"Бай Түшүм" Банкында эскроу-эсепти эки валютада ачса болот: доллар менен сом. Комиссия болгону 0.15% (келишимдин суммасынан).
Эскертүү! Эскроу-эсептин депозиттик эсепке эч кандай тиешеси жок. Акча чогултуу үчүн эмес, эки тараптын ортосундагы келишимди камсыздоо үчүн ачылат.