// //

Каза болгон таежемдин баласын кантип асырап алсак болот?

2019.07.16, 09:39
851

Саламатсызбы! Таежемдин көзү өтүп кеткен. Баласын багып алганбыз. Жездебиздин ичкиликтен башы чыкпайт. Баланы кантип өзүбүзгө каттап алсак болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
16.07.2019, 09:42

Нурислам Раимжанов

Юрист

Саламатсызбы! Кыргызстанда бала асырап алуу боюнча атайын тартип бар. Ага ылайык, сиз социалдык коргоо башкармалыктардын балдарды коргоо бөлүмүнө кайрыласыз, алар тиешелүү документтердин тизмесин берет. Документтерди чогултуп, баланы асырап алуу боюнча корутунду аласыз. Ал корутундунун негизинде сотко кайрылып, баланы соттун чечими менен асырап аласыз.

Негизги документтер тизмесине токтоло кетсем:

  • баланы багып алууга шартыңыздын бардыгын тастыктоочу документ; (иштеген жериңизден маалымкат, патент ж.б)
  • домкомдон сизге мүнөздөмө;
  • ден соолугуңуз тууралуу маалымкат;
  • үй-бүлөлүк абалыңыз жөнүндө тактама;
  • кирешеңиз тууралуу маалымат;
  • үй-бүлө мүчөлөрүңүздүн документтери: никелешүү күбөлүгү, жубайыңыздын паспорту.

Ийгилик!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт