Каза болгон таежемдин баласын кантип асырап алсак болот?
2019.07.16, 09:39
1014
Саламатсызбы! Таежемдин көзү өтүп кеткен. Баласын багып алганбыз. Жездебиздин ичкиликтен башы чыкпайт. Баланы кантип өзүбүзгө каттап алсак болот?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
16.07.2019, 09:42
Нурислам Раимжанов
Юрист
Саламатсызбы! Кыргызстанда бала асырап алуу боюнча атайын тартип бар. Ага ылайык, сиз социалдык коргоо башкармалыктардын балдарды коргоо бөлүмүнө кайрыласыз, алар тиешелүү документтердин тизмесин берет. Документтерди чогултуп, баланы асырап алуу боюнча корутунду аласыз. Ал корутундунун негизинде сотко кайрылып, баланы соттун чечими менен асырап аласыз.
Негизги документтер тизмесине токтоло кетсем:
- баланы багып алууга шартыңыздын бардыгын тастыктоочу документ; (иштеген жериңизден маалымкат, патент ж.б)
- домкомдон сизге мүнөздөмө;
- ден соолугуңуз тууралуу маалымкат;
- үй-бүлөлүк абалыңыз жөнүндө тактама;
- кирешеңиз тууралуу маалымат;
- үй-бүлө мүчөлөрүңүздүн документтери: никелешүү күбөлүгү, жубайыңыздын паспорту.
Ийгилик!
0
Пайдалуу жооп