Тууганыбыз уй карыз. Кантип алсак болот? Юрист жооп берет
Саламатсызбы! Атам 5 жыл мурун алыс тууганына оор жүк ташуучу машинасын саткан. Бир уй, 3 койго баалаптыр. Былтыр атам каза болуп калды. Ал тууганы 3 койду берди. Уйду болсо, “күздө” деп улам жылдырып коюп жатат. 5 жылда ал уй канча ирет тууп, пайдабызга жарамак. Атам тил кат да жаздырып албаптыр. Кантип өндүрсөк болот? Сотко кайрылсакпы?
Нурислам Раимжанов
Юрист
Саламатсызбы! Бул маселе боюнча сотко кайрылсаңыз болот. Бирок, сотко берээрден мурун бир жагдай бар. Ал тууганыңыз, “күздө берем” деп, малды мойнуна алып жатабы? Эгер ооба болсо, тил кат жаздырып алышыңыз керек. Жазып берүүдөн баш тартса, күбөлөрдү таап, алардын көрсөтмөсү менен сотко кайрылсаңыз болот.
Белгилей кетчү нерсе, сотко доо арыз менен кайрылуунун жалпы мөөнөтү 3 жылдан ашпаш керек. Сиз карызды өндүрүүдө, ал тууганыңыз акыркы ирет качан берем дегенин доо арызга так көрсөтүш керек. Мисалы, "2018-жылы күздө берем деген, эми кайра 2019-жылдын күзүндө деп бербей жатат" деген мааниде жазышыңыз керек. Эгер 5 жылдан бери бербей жатат десеңиз, сотко кайрылуунун жалпы мөөнөтү бузулуп калат да, арызыңыз каралбай калышы мүмкүн.