Ата-энеси жок абитуриенттерге жеңилдиктер каралганбы? Адис жооп берет
2019.07.15, 10:03
1018
Саламатсызбы! Инимдин ЖРТсы 102 упай болуп калды. Көп жерде 110 упайдан жогору кабыл алат экен. Кайсы окуу жайга тапшырсак болот? Анын үстүнө ата-энебиз да жок, жеңилдиктер каралганбы?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
15.07.2019, 11:40
КРнын Билим берүү жана илим министрлигин маалымат кызматы
Саламатсызбы! Албетте, ата-энесинен айрылган студенттер үчүн жеңилдиктер каралган. Ал үчүн, иниңиз кайсы университетке тапшырса, ошол жактын деканатына кайрылып, тийиштүү маалымкаттарды көрсөтүшү керек.
Эгер жогорку окуу жайдан билим алууну кааласа, К. И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетине тапшырса болот. Ал жактын өтүү упайы 100.
0
Пайдалуу жооп