Турфирма турга барбай калган туристтин акчасын кайрып берүүгө милдеттүүбү?
Эгер турист (кыргыз же чет өлкөлүк) кандайдыр бир турга барууга акы төлөп, бирок баралбай акчасын кайра сураса, турфирма толук кайтарып берүүгө милдеттүүбү же белгилүү бир пайызын кармап калабы? Бул маселе Кыргызстандын мыйзамында кандай каралган.
Нурислам Раимжанов
Юрист
Саламатсызбы! Бул эки тарап ортосунда түзүлгөн келишим менен байланыштуу. Мисалы, турфирма келишимде, "сиз бул сумманы төлөйсүз, биз мындай кызмат көрсөтөбүз, эгер, кызматтарыбыздан баш тартсаңыз, берген акчаңыздын мынча пайызы кайтарылбайт" деп көрсөтүлсө, анда албетте кармап калынат.
Келишим эки тараптын ыктыяры менен түзүлөт, башында бардык шарттары бекитилет. Бирок, КРнын мыйзамдарында алып калат деген нерсе жок. Бул турфирманын ички докменттери, кардар менен түзгөн келишимдин негизинде чечилүүчү маселе.