Лайфхак: интернет иштебей жатса эмне кылуу керек?
2019.07.11, 11:56
4783
Мобилдик интернетиңиз иштебей жатса, "эми эмне кылам" деп дүрбөлөңгө түшпөй, бул көрсөтмөлөрдү колдонуп көрүңүз.
- Телефонуңузду өчүрүп күйгүзүңүз.
- «Только экстренные вызовы» же «Emergency call» деп чыгып калса, гадежтиңиз оператордун сигналын кармай албай жатат. Бул учурда кайра телефонуңузду өчүрүп күйгүзүп, турган жериңизди алмаштарыңыз, мисалы, сыртка чыгыңыз.
- Сигнал бар, бирок дагы эле интернет жок болсо: «Настройки телефона» дегенге кириңиз — «Ещё» же «Беспроводные сети» — «Мобильная сеть», «Мобильная передача данных» күйгүзүңүз.
- Смартфонуңуздун балансын текшериңиз.
- Трафик пакетиңизди текшериңиз, балким түгөнүп калган.
- Смартфонуңуз эки SIM-карта сала турган болсо, сигнал бар, бирок интернет иштебей жатса, SIM-карталардын ордун алмаштырыңыз.
- Бул ыкмалардын баары жардам бербесе, SIM-картаңызды алып чыгып, башка смартфон же планшетке салып көрүңүз. Эч эле болбосо, операторуңуздун жакынкы кеңсесине кайрылыңыз.
- Эгер башка смартфондон SIM-картаңыздын мобилдик интернети иштесе, өзүңүздүн смартфонуңуздун “Настройки” функциясына кирип, “Точка доступа” орнотуңуз: «Настройки» — «Ещё» же «Беспроводные сети» — «Мобильная сеть» — «Точки доступа (APN)» — ... internet (мисалы, internet.beeline.kg).
Эгер Beeline абоненти болсоңуз, бул аракеттерди жасап көрүңүз.
1. *404#1# же *404# командасын терип, "автонастройка" алыңыз. Биринчи SMS’ти өчүрүп койсоңуз болот, экинчи SMS’ти сактап коюш керек ("Сохранить" же "Установить" баскычын басасыз). Андан кийин телефонду өчүрүп жандырасыз.
2. Эгерде "автонастройка" жардам бербесе, анда интернетти кол менен тууралап көрүңүз. Инструкциясы бул жерде.
3. Балансыңызды жана пакеттериңизди текшерип көрүңүз *102# жана *505#. 2G, 3G жана 4G тейлөө аймактары.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.