// //

Курбумду күйөөсү кое бербей жатат. Юрист жооп берет

2019.07.10, 10:38
1002

Менин курбум бар. Ал Россияда иштеп жүргөндө, бир жигит алып качып кеткен.  Бир жыл жашап, келе берди. Чогуу түтүн булатпай калгандарына 7 ай болду. Күйөөсү "ажырашпайм", - деп жатат. Курбум болсо "жашабайм", - деп, эмне кылышты билбей жүрөт.  

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
10.07.2019, 10:41

Нурислам Раимжанов

Юрист

Урматтуу окурман, үй-бүлө - бул аял менен эркектин эркин жана өз ара макулдугу менен ортосундагы тең укуктуу жана ыктыярдуу баш кошуусу болуп эсептелинет. Демек, баш кошуу ыктыярдуу болууга тийиш.

Кыргыз Республикасынын жазык кодексине ылайык адамды никеге турууга мажбурлоо кылмыш болуп эсептелинет. Ошондуктан эч кимдин бирөөнү чогуу жашоого же никеге мажбурлоого укугу жок.

Курбу кызыңызга айтаарыбыз, сарсаана болбой, күйөөсү менен жашагысы келбесе жашабай эле койсун.

 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт