// //

Кызымды ата-энеме таштасам, кайын журтум келип алып койбойбу? Юрист жооп берет

2019.07.09, 13:45
980

Саламатсызбы! Жолдошум менен ажырашып кеткем. Ортобузда бир бала бар. Сырт жакка иштегени кетип жатып, кызымды ата-энеме таштасам, кайын журтум келип алып кетип калышпайбы? 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
09.07.2019, 13:47

Нурислам Раимжанов

Юрист

Урматтуу окурман, Кыргыз Республикасынын үй-бүлө кодексинин 71-беренесинде «Баладан бөлөк жашаган ата-эненин бири аны менен катташууга, тарбиялоого жана багууга катышууга, баланын билим алуу маселесин чечүүгө укугу бар» деп көрсөтүлгөн.

Ошондой эле, «Бала менен чогуу турган ата-эненин бири баланын башка ата-энесинин бири менен катташуусуна тоскоолдук кылбашы керек, эгерде мындай катташуу тулку-боюна жана психикалык жагынан дени сак, ыймандуу өсүп-жетилишине залал келтирбесе» деп жазылган.

Тактап айтканда, эгер атасы баланы алып кетем десе, анда бул нерсеге толук укуктуу. Сизге кеңешим, баланы көрүп туруу жана жогоруда көрсөтүлгөн укуктарын жүзөгө ашыруу тартиби тууралуу жолдошуңуз менен жазуу жүзүндө макулдашуу түзүп алыңыз.

 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт