Анджелина Джоли: Эриндерим сүйүктүүңдү өбүүгө керек экенин кийин түшүндүм.
2019.07.05, 18:21
3104
Анджелина Джоли дүйнөдөгү эң сулуу айымдардын катарына кирет. Алты баланын энеси жолдошу менен ажырашып, азыркы тапта балдарын жалгыз тарбиялап жаткан чагы. Анын мыкты цитаталарын Bilesinbi.kg чогултту.
- Чечкиндүү болгула, жаңылуудан коркпогула. Булардын бардыгы сизди жандуу адам кылат.
- Башка бирөөнүн көйгөйлөрү тууралуу укпасак же билбесек, демек алар жок дегендик эмес.
- Өзүмө болгон ишенимим ар дайым төмөн болчу. Менимче бул бардыгынын башынан өтөт. Менин кемчиликтерим өтө көп.
- Денеңдеги жана жан дүйнөңдөгү тактар символикалуу. Алар сенин жаңылганыңды жана кандай жаза алганыңды көрсөтүп турат.
- Сени бирөө сүйгөндө, анан сен ага бакыт тартуулап жатканыңды түшүнгөндө өзүңдү дүйнөдөгү эң сулуу адам сезет экенсиң.
- Өзүңдүн жаныңды өзүң кыюу, кудайга чакыруусуз барып алганга тете.
- Айырмаланып туруу абдан сонун! Эгер сага башкачасың деп айтышса, башыңды өйдө көтөрүп, өзүң менен сыймыктан.
- Эне болгондон кийин гана менде мээрим жана жылуулук бар экенин түшүндүм. Жоопкерчилик пайда болду. Ден соолугума кам көрүп, жаман адаттарыман арылдым.
- Эмнегедир өзүмдү акылы жок, оозу чоң куурчактарга окшоштурчумун. Жыл өткөн сайын өзүңдү кабыл алганды үйрөнөт экенсиң. Жакпаган эриндерим сүйүктүүңдү өбүү үчүн керек экенин кийин түшүндүм.
- Биз күндө эртең менен бүгүн кандай адам боло турганыбызды тандайбыз.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.