// //

Нике күбөлүгү жок алимент өндүрсө болобу? Юрист жооп берет

2019.07.04, 09:20
1665

Саламатсызбы! Жолдошум менен ажырашканыма 5 жыл болду. Эки балам бар. Нике күбөлүгүбүз жок. Балдарга эч кандай жардам бербейт. 5 жылдан бери төлөнө турчу алиментти кантип өндүрсөм болот? 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
04.07.2019, 09:27

Нурислам Раимжанов

Юрист

Саламатсызбы! Нике күбөлүк жок болсо, бирок, балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн "атасы" деген графада күйөөңүздүн аты-жөнү жазылса, сотко кайрылсаңыз, алимент өндүрүү боюнча буйрук чыгарып берет.

"Атасы" деп жазылбаса, жалгыз бой эне болсоңуз, ошол эле сотко аталыкты аныктоо жана алимент өндүрүү боюнча доо арыз түрүндө кайрыласыз. 

Жашаган жериңиздеги сотко барсаңыз болот.  

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт