// //

Жыныс мүчөм кызарып, териси кургап турат. Бул кандай оору?

2019.07.03, 09:42
1681

Мүчөмдүн сырт жагында бир нерсе кызарып турат. Кошулганда ачышат, кошулбасам, какач болуп агарып калат. Эмне оору экенин түшүнбөйм. Сураныч билип беринизчи?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
03.07.2019, 09:44

Азат Бейшенов

“Medcenter.kg” медицина борборунун адиси, уролог

Саламатчылык! Менин да сизге бир нече суроом бар: Сиз канча жаштасыз? Кичинеңизде отургузулгансызбы? Жыныстык катнашта туруктуу өнөктөшүңүз барбы?

Жыныс мүчөнүн териси кызарып, кургап кетүүнүн себептери көп. Мисалы:

  • синтетикалык ич кийим;
  • кийимди жуучу каражатка аллергия;
  • латекстен жасалган презервативге аллергия;
  • псориаз;
  • бактериалдык жана мите козу карын инфекциялары;
  • жаракат алуу;
  • ашыкча алкоголь ичүү;
  • чылым чегүү;
  • баш аламан жыныстык катнаштарга баруу.

Көрбөй туруп кандай оору экенин бир да врач айта албайт. Ошондуктан мүмкүнчүлүгүңүз болсо бизге келип көрүнүп кетиңиз. Балким бул урологиялык эмес, тери венерологиялык жактан карала турган оору. Көргөндөн кийин гана так жообун бере алам.

Ден соолукта болуңуз!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт