Жыныс мүчөм кызарып, териси кургап турат. Бул кандай оору?
2019.07.03, 09:42
1910
Мүчөмдүн сырт жагында бир нерсе кызарып турат. Кошулганда ачышат, кошулбасам, какач болуп агарып калат. Эмне оору экенин түшүнбөйм. Сураныч билип беринизчи?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
03.07.2019, 09:44
Азат Бейшенов
“Medcenter.kg” медицина борборунун адиси, уролог
Саламатчылык! Менин да сизге бир нече суроом бар: Сиз канча жаштасыз? Кичинеңизде отургузулгансызбы? Жыныстык катнашта туруктуу өнөктөшүңүз барбы?
Жыныс мүчөнүн териси кызарып, кургап кетүүнүн себептери көп. Мисалы:
- синтетикалык ич кийим;
- кийимди жуучу каражатка аллергия;
- латекстен жасалган презервативге аллергия;
- псориаз;
- бактериалдык жана мите козу карын инфекциялары;
- жаракат алуу;
- ашыкча алкоголь ичүү;
- чылым чегүү;
- баш аламан жыныстык катнаштарга баруу.
Көрбөй туруп кандай оору экенин бир да врач айта албайт. Ошондуктан мүмкүнчүлүгүңүз болсо бизге келип көрүнүп кетиңиз. Балким бул урологиялык эмес, тери венерологиялык жактан карала турган оору. Көргөндөн кийин гана так жообун бере алам.
Ден соолукта болуңуз!
0
Пайдалуу жооп