Бюджетте окугандар мамлекетке бир жылдан кийин иштеп берсе болобу?
2019.06.30, 14:16
939
Саламатсызбы! Быйыл мугалим кесибин бүтүрөм. Бюджетте окудум, мамлекетке иштеп беришим керек. Бул жылы Россияга барып, акча таап келсемби дегем. Бир жылдан кийин келип иштеп берсем болобу?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
30.06.2019, 14:17
КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы
Саламатсызбы! Мамлекеттик окуу жайлардын бюджет бөлүмүндө окугандар кийин сөзсүз түрдө, мамлекеттик мекемелерге иштеп берүүгө тийиш. Бул суроо менен окуу жайыңыздын юристине же жетекчилигине кайрылып көрүңүз. Кээ бир университеттер билим алуу акысын бөлүп төлөө боюнча келишим түзүшөт. Толук төлөп бүткөндөн кийин диплом берилет. Ошондой учурларда иштеп берүүнүн зарылчылыгы жок болуп калат.
0
Пайдалуу жооп