Ата-эне кандай учурда ата-энелик укуктан ажыратылат? Юрист жооп берет
2019.06.30, 13:46
1979
Саламатсызбы! Ата-эне кандай учурда ата-энелик укутардан ажыратылышы мүмкүн?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
30.06.2019, 13:53
Нурислам Раимжанов
Юрист
Кыргыз Республикасынын үй-бүлө кодексинин 74-беренесинин негизинде ата-эне (алардын бири) төмөндөгүдөй учурда ата-энелик укуктардан ажыратылышы мүмкүн, эгерде алар:
- ата-энелик милдеттерин аткаруудан, анын ичинде алимент төлөөдөн кыянаттык менен качса;
- жүйөлүү себептерсиз өз баласын төрөт үйүнөн (бөлүмүнөн), болбосо дагы башка дарылоо мекемесинен, тарбия берүү мекемесинен, калкты социалдык жактан коргоо мекемесинен же башка ушуга окшош мекемелерден алуудан баш тартса;
- ата-энелик укуктардан кыянаттык менен пайдаланса;
- балдарга зөөкүрдүк жасаса, анын ичинде анын тулку боюна жана психикасына зомбулук көрсөтсө, жыныстык кол тийгистигине кол салса;
- аракечтик же баңгилик өнөкөт илдети болсо;
- өз балдарынын өмүрүнө же ден соолугуна, болбосо жубайынын же баланын ата-энесинин өмүрүнө же ден соолугуна каршы атайылап кылмыш жасаса;
- жашы жетпеген өз балдарынын селсаяктыгына жол беришсе;
- бала эмгегинин эң жаман формаларына балдарды тартса.
0
Пайдалуу жооп