Колледжке тапшырсам хирург боло албай калбаймбы? Адис жооп берет
2019.06.29, 14:58
939
Саламатсызбы! Мен быйыл 9-классты бүттүм. Классташтарымдын көбү колледжке тапшырабыз деп шаарга кетишти. Келечекте хирург болгум келет. Эгер азыр колледжке тапшырсам, бул кесип ээси боло албай калам да туурабы?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
29.06.2019, 15:04
Чумукова Евгения
КРнын Билим берүү министрлигинин кесиптик билим берүү башкармалыгынын башкы адиси
Саламатсызбы! Колледжге тапшырып, бирок кийин жогорку билим алууну көздөгөн учурда, каалаган кесибиңизди тандай албай, колледжде окуган кесибиңиз боюнча эле билимиңизди жогорулата аласыз.
Эгер ниетиңиз жогорку билимдүү болуу болсо, 11-классты бүтүп тапшырганыңыз туура. Окууңузга ийгилик!
0
Пайдалуу жооп