Ислам динин кабыл алган орус кызына үйлөнсөм болобу? Теолог жооп берет
2019.06.29, 12:37
1180
Саламатсызбы! Сүйлөшкөн кызымдын улуту орус, бирок ислам динин кабыл алган. Экөөбүз баш кошсок деген ниетибиз бар. Буга динибиз тыюу салбайбы?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
29.06.2019, 12:41
Кадыр Маликов
Теолог
Исламда улут деп бөлгөн түшүнүк жок. Динге ишенген же ишенбеген адам деп гана бөлүнөт.
Мусулман жигиттерге мусулман, иудей, христиан дин өкүлдөрүнүн кыздарына үйлөнүүгө уруксат берилген. Эң негизгиси ал ислам динин кабыл алыптыр.
Эгер сүйлөшкөн кызыңызды түбөлүк жар кылууга тандасаңыз, ага үйлөнүүгө укугуңуз бар. Бул нерсе шарыятта айтылган.
0
Пайдалуу жооп