Жер алсак, ал башка бирөөгө сатылган экен. Акчабызды кантип кайтарабыз?
2019.06.28, 10:29
857
Биз 50 сотка жер сатып алганбыз. Эми бул жер бизге сатылган деп башкалар тартып алышты. 750 000 сом акчабызды кайра кантип кайтарып алсак болот? Распискасы бар.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
28.06.2019, 10:30
Ширин Алмазова
Адвокат
Саламатчылык. Жер тилкеси жайгашкан жери боюнча доо-арызыңыз менен сотко кайрыласыз. Колуңузда болгон баардык документтерди тиркеп, жер тилкесин сатып алуу келишимин жарактуу деп чечип берүүсүн суранасыз. Же болбосо төлөнгөн сумманы кайтарып берүү тууралуу доо-арыз жазсаңыз болот.
Ийгилик!
0
Пайдалуу жооп