Инстаграмдан товар саткысы келгендер үчүн пайдалуу кеңеш
2019.06.26, 11:46
1117
Товар сатайын деп инстаграмга койсоңуз өтпөй жатабы? Анда SMM-адис Светлана Марголистин кеңештерине кулак салыңыз.
- Инстаграмга катталыңыз: мобилдик номер же почта аркылуу. Эми жөндөөлөргө (настройки) кирип, бизнес-аккаунтка которулуу пунктун басыңыз.
- Бирдиктүү стиль тандаңыз. Бул бат таанылууга мүмкүндүк берет. Колдон келишинче өздүк сүрөттөрдү колдонуңуз.
- Товар жөнүндө маалымат узун эмес, тескерисинче, мүмкүн болушунча кыска болсун.
Жеке стиль - товарды же кызматты сатып алган кардарга, сиздин компания жөнүндө өз алдынча образ түзүүгө жардам берет.
- Инстаграмга 1-мүнөткө чейинки видео киргизсеңиз ийгиликке бат жетесиз.
- Дайыма хештег колдонуңуз. Хештег билдирүүнүн темасын чагылдырып турууга тийиш.
- Көп хештег жазылуучуларды алаксытаарын билиңиз. Бир билдирүүгө 5тен ашык хештег жетет.
- Күнүнө 1-2 билдирүү жасап туруңуз. Бир убакта 10 билдирүү киргизбеңиз.
- Комментарийлерге убагында жооп бериңиз. Унутулуп калган комментарий болсо жооп берип, кечирим сурап коюңуз.
Эч качан терс мүнөздөгү комментарийлерге терс жооп бербеңиз!
- Күн сайын сториске түрдүү билдирүү жасап туруңуз.
- Лайкты сатып албаңыз!
- Билдирүүлөргө оригиналдуу пикир калтырыңыз.
- Билдирүү киргизүүнүн ыңгайлуу убактысы кечки 8ден түнкү 12ге чейин.
- Дайыма аудиторияңыз менен чын жүрөктөн сүйлөшүңүз.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.