Жашы жете электер загран паспорт алса болобу? Эксперт жооп берет
2019.06.24, 16:25
1880
Жашы жете электер загран паспорт алса болобу? Канча убакытта берилет. Баасы канча? Кайсы документтер керек? Рахмат.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
24.06.2019, 16:26
Бакай Алишеров
КР Мамлекеттик каттоо кызматынын пресс-катчысы
Саламатсызбы, урматтуу окурман. Жашы жете элек балдарга жарандык паспорт алуу үчүн:
- туулгандыгы тууралуу күбөлүк;
- ата-энесинин паспорттору;
- ата-энесинин үйлөнгөндүгү тууралуу күбөлүгү;
- катталган жериниинин техпаспорту;
- жашаган үйүнүн сатып алуу жөнүндө келишими же үйдүн кожоюнунун каттоого макулдугу жазуу түрүндө. Макулдук созсүз түрдө нотариустан ишендирилиши керек.
Паспорт 18 күндүн ичинде жасалат жана 530 сом турат.
Ийгилик!
0
Пайдалуу жооп