// //

Өбүшүү аркылуу 80 миллион бактерия өтөт

2019.06.11, 13:43
3442

Bilesinbi.kg инфекционисттер менен кеңешип, өбүшүү аркылуу жугуучу өтө коркунучтуу ооруларды тизмектеп чыкты.

  • Шилекейде көптөгөн бактериялар бар. Алар белгилүү бир ооруну чакырбаганы менен, ооздо жашайт. Өбүшүүдө өнөктөштөр бири-бирине 80 миллионго жакын бактерия өткөрүп берет.
  • Өбүшкөндө грипп, ОРВИ жана мононуклеоз оорулары жугушу мүмкүн.
  • Герпес же гепатит В менен ооруган адамдын оозунда, эриндеринде жаракат бар болсо, аны менен өбүшпөй эле турган оң, бул ооруларды жуктуруп алуу ыктымалы жогору.

  • Өбүшүү аркылуу менингит оорусуна чалдыктырган менингококк инфекциясы өтөт.
  • Герпестин вирустары өбүшүү аркылуу да берилет.
  • Өбүшүү менен өнөктөшкө ашказан жарасын жуктурса болот. Анын ташуучусу – хеликобактер бактериясы.
  • Ата-энелер кичинекей балдарынын оозунан өппөшү керек, кариес жугат. Себеби, чоңдордо кариес бактериаларына каршы антителолор бар, кичинекей балдарда жок.

Булар өбүшүү аркылуу жуга турчу оорулардын айрымдары гана. Андыктан, ар ким менен өбүшө берүүдөн абайлап, жеке гигиенаны сактаңыз.   

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт