Өбүшүү аркылуу 80 миллион бактерия өтөт
2019.06.11, 13:43
3748
Bilesinbi.kg инфекционисттер менен кеңешип, өбүшүү аркылуу жугуучу өтө коркунучтуу ооруларды тизмектеп чыкты.
- Шилекейде көптөгөн бактериялар бар. Алар белгилүү бир ооруну чакырбаганы менен, ооздо жашайт. Өбүшүүдө өнөктөштөр бири-бирине 80 миллионго жакын бактерия өткөрүп берет.
- Өбүшкөндө грипп, ОРВИ жана мононуклеоз оорулары жугушу мүмкүн.
- Герпес же гепатит В менен ооруган адамдын оозунда, эриндеринде жаракат бар болсо, аны менен өбүшпөй эле турган оң, бул ооруларды жуктуруп алуу ыктымалы жогору.
- Өбүшүү аркылуу менингит оорусуна чалдыктырган менингококк инфекциясы өтөт.
- Герпестин вирустары өбүшүү аркылуу да берилет.
- Өбүшүү менен өнөктөшкө ашказан жарасын жуктурса болот. Анын ташуучусу – хеликобактер бактериясы.
- Ата-энелер кичинекей балдарынын оозунан өппөшү керек, кариес жугат. Себеби, чоңдордо кариес бактериаларына каршы антителолор бар, кичинекей балдарда жок.
Булар өбүшүү аркылуу жуга турчу оорулардын айрымдары гана. Андыктан, ар ким менен өбүшө берүүдөн абайлап, жеке гигиенаны сактаңыз.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.