// //

Тыкыс турсий кийген эркектер балалуу боло албайбы? Урологдор айтып берет

2019.06.04, 13:38
2101

Тыкыс турсий жыныс мүчөдөгү кан айланууну бузат, калтанын айланасындагы температураны жогорулатат.

Эркек тыкыс ич кийим кийип алганда калтасы ысып кетет. Эгер жумурткалардагы температура белгиленген өлчөмдөн бир нече градуска эле жогору болсо, жетиштүү урук бөлүп чыгара албайт.

Албетте, эркек күнү-түнү тыкыс ич кийим кийип жүрсө терс таасири тиет. Ошол эле кичинекей балдарды алалы. Эгер аларга тыкыс турсий, памперс кийгизип койсо, жумурткаларынын өсүүсү, кан айлануусу бузулат, калталары бири-бирине тийип, айланасы тердеп, бышат. Бош ич кийим тердетпейт, температураны тийиштүү өлчөмдө кармайт”,-дейт “Medcenter.kg” медицина борборунун урологу Азат Бейшенов.

Изилдөөлөргө таянсак, эркектердин тукумсуздук көйгөйүнүн бир бөлүгү туура эмес тандалган ич кийим менен байланышкан. Бирок, уролог Болот Рысбаев тукумсуздуктун себеби тыкыс ич кийим эмес экенин айтат:

Албетте, тыкыс кийим күнүмдүк турмушта ыңгайсыздык жаратат: ысытат, тердетет, кычыштырат дегендей. Медициналык көз караш менен карасак, жыныс мүчөдөгү кан айланууну бузат. Ошентсе да, тыкыс шым же турсий тукумсуздуктун башкы себеби деген туура эмес. Парашют сымал кенен ич кийимди тукумсуздукту алдын алуунун жөнөкөй чарасы катары көрсө болот. Ал эми тукумсуздуктун себеби дарыгерге келип көрүнүп, текшерүүдөн өткөндөн кийин гана билинет”.

Тукумсуздуктун бирден бир себеби тыкыс ич кийим деп айтуудан алысмын. Ошентсе да, эркектерге бош кийим тандагыла, денеге чапташкан ич кийим, шымдардан алыс болгула деп кеңеш берем. Ошондой эле, эртеден кечке чейин отуруп иштесеңер көбүрөөк кыймылда болуп, спорт менен машыккыла, үйдөн физикалык жумуш аткаргыла. Зыяндуу адаттардан баш тартып, туура тамактансаңар бир кыйла ооруну алдын алаласыңар”,-деди уролог Нурлан Эгетаев.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт