Оргазм тууралуу сиз билбеген кызыктуу маалыматтар
2019.05.29, 14:51
                    11680
                    
                    
                    
                    Оргазм – сексуалдык дүүлүгүнүн туу чокусу. Бул физикалык жана эмоциялык ырахат тартуулаган күчтүү сезим.
КММА медициналык борборунун дарыгери, сексолог, психотерпевт Илья Комаровер оргазм тууралуу кызыктуу маалыматтарды айтып берди.
- Оргазм учурунда организмден бөлүнүп чыккан көптөгөн гормондордун жана химиялык заттардын ден соолук үчүн пайдасы зор.
 - Оргазмды ар дайым алуу мүмкүн эмес. Бул үчүн жыныстык катнаш алдында өнөктөштөр бири-бирин сылап-сыйпашы керек. Мындайча айтканда, сүйүү - сексуалдык оюн – жыныстык катнаш – оргазм (тилекке каршы дайым эмес).
 - Эгер адам сексуалдык өнөктөшүн каалабаса оргазм алалбайт.
 
- Орточо эсеп менен эркектердин оргазмы 10-30 секундка созулат.
 - Оргазмды жыныстык катнашка барбай туруп деле алса болот. Мисалы, мастурбация.
 - Оргазм алып жаткан учурда көз жумук болот.
 - Адатта аялдардын оргазмы эркектерге караганда узагыраак созулат, орто эсеп менен 13-51 секундка.
 - Көп жыл жашаган өнөктөштөрдө көнүп калуудан же монтондук жашоодон улам оргазм алуу кыйындашы мүмкүн. Бул учурда төшөк оюнун жандантуу үчүн фантазияны ойготуу зарыл.
 
Комаровер Илья Нухимович, психотерапевт, сексолог
Кабылдама: 0 (312) 565 008
Дареги: Бишкек шаары, КММА медициналык борбору, Тыныстанов көчөсү, 1.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.