// //

Жерибиздин так ортосунан арык чийип алышты. Эмне кылсак болот?

2019.05.23, 11:54
871

Саламатсызбы! Биз үлүш жерибизге беде сепкенбиз, асты жагыбызда жайгашкан жерлерди сугарыш үчүн ээлери так ортосунан арык чийип алышты. Жашыл китеп боюнча арык жок экен. Ушу ызы-чуу менен 20 жылдан бери кырылып жүрөбүз. Сотко берсек болобу?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
23.05.2019, 12:09

Нурислам Раимжанов

Юрист

Саламатсызбы! Бул маселени чечүүнүн бир канча жолу бар. Мисалы:

  • Биринчиси, экинчи тарап сиз менен келишүүгө аракет жасайт.
  • Экичиси, макул болбосоңуз, алар сотко арыз жазып, сервитут кылышат. 
  • Үчүнчүсү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кайрылып, китепте арык көрсөтүлбөгөнүн, аларга арыкты башка жерден ачып жана кандай жоготууларга учураганыңызды эсептетип, компенсация төлөп берүүлөрүн талап кыласыз. 
0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт