Жерибиздин так ортосунан арык чийип алышты. Эмне кылсак болот?
2019.05.23, 11:54
1080
Саламатсызбы! Биз үлүш жерибизге беде сепкенбиз, асты жагыбызда жайгашкан жерлерди сугарыш үчүн ээлери так ортосунан арык чийип алышты. Жашыл китеп боюнча арык жок экен. Ушу ызы-чуу менен 20 жылдан бери кырылып жүрөбүз. Сотко берсек болобу?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
23.05.2019, 12:09
Нурислам Раимжанов
Юрист
Саламатсызбы! Бул маселени чечүүнүн бир канча жолу бар. Мисалы:
- Биринчиси, экинчи тарап сиз менен келишүүгө аракет жасайт.
- Экичиси, макул болбосоңуз, алар сотко арыз жазып, сервитут кылышат.
- Үчүнчүсү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кайрылып, китепте арык көрсөтүлбөгөнүн, аларга арыкты башка жерден ачып жана кандай жоготууларга учураганыңызды эсептетип, компенсация төлөп берүүлөрүн талап кыласыз.
0
Пайдалуу жооп