// //

Алты балалуу энеден кеңеш. Улуу балдарды кичүүлөрдөн коргоо керек

2019.05.20, 18:31
1774

Украиналык көп балалуу эне Оксана Кобелецкая балдар арасындагы мамилени жөнгө салуу боюнча бир нече кеңешин жазган. Bilesinbi.kg анын ыкмаларын сизге сунуштайт.

  • Төрөт үйүнөн чыгып барарыңар менен биринчи кезекте, улуу балага көңүл бөлүп, аны менен көбүрөөк убакыт өткөрүп, сыртка чыгып (экөөңөр гана) сейилдеп, кино же кафеге алып барып келгиле.
  • Кичүү бала улуусунун оюнчугун аларда ар дайым уруксатын алып туруп ойносун.
  • Кичүүсү улуусу менен ойногусу келгенде, “бошсуңбу, мени менен ойночу”,- деп сурансын. Талап кылууга акысы жок! (сиздин дагы)
  • Эч качан кичүү балага улуусуна кол көтөрүүгө уруксат бербегиле. Бул менен балам (кызым), аны урганга болбойт! - деп катуу эскерткиле.
  • Балдар чырлашып, урушуп жатканда, экөөнү эки жака бөлүп койгула. Бири-биринен эс алгандан кийин тез эле сагынышып кайра бирге ойногулары келип калат.
  • Улуу балага “сен кичүү бөбөктөрүңө үлгүсүң, кичүүлөр ар дайым сени туурап, сени менен ойногусу келет, кичүүлөр сенин күйөрмандарың, фанаттарың”, - деп түшүндүрүп, чыдамдуу, сабырдуу жана түшүнүктүү болууга үйрөткүлө.
  • Улуу балаңызга кичинекей кезиндеги сүрөттөрүн көрсөтүп “сен да кичинекей элең, сен да ушинтип күлчүсүң, (ыйлачусуң, ойночусуң). Мен сени көтөрүп уктатчумун, ж.б. окуяларды эскерип айтып бергиле. Мындай сөздөр улуу баланы жумшартып, кичүүлөрүнө түшүнүү менен мамиле кылууга көндүрөт.”
  • Кичүүлөрүнө “эжең (байкең) сенин байлыгың, ал ар дайым сени коргойт, жана ар дайым сага жардам берет”, -деп айтып тургула. Ушул эле сөздү улуу балдарга да айтуу керек.

 

Балким сизде да башкаларга бере турган кеңештериңиз бар? Bilesinbi.kg сайтына же 0704004608 ватсап номерине жазыңыз.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт