Алты балалуу энеден кеңеш. Улуу балдарды кичүүлөрдөн коргоо керек
2019.05.20, 18:31
2190
Украиналык көп балалуу эне Оксана Кобелецкая балдар арасындагы мамилени жөнгө салуу боюнча бир нече кеңешин жазган. Bilesinbi.kg анын ыкмаларын сизге сунуштайт.
- Төрөт үйүнөн чыгып барарыңар менен биринчи кезекте, улуу балага көңүл бөлүп, аны менен көбүрөөк убакыт өткөрүп, сыртка чыгып (экөөңөр гана) сейилдеп, кино же кафеге алып барып келгиле.
- Кичүү бала улуусунун оюнчугун аларда ар дайым уруксатын алып туруп ойносун.
- Кичүүсү улуусу менен ойногусу келгенде, “бошсуңбу, мени менен ойночу”,- деп сурансын. Талап кылууга акысы жок! (сиздин дагы)
- Эч качан кичүү балага улуусуна кол көтөрүүгө уруксат бербегиле. Бул менен балам (кызым), аны урганга болбойт! - деп катуу эскерткиле.
- Балдар чырлашып, урушуп жатканда, экөөнү эки жака бөлүп койгула. Бири-биринен эс алгандан кийин тез эле сагынышып кайра бирге ойногулары келип калат.
- Улуу балага “сен кичүү бөбөктөрүңө үлгүсүң, кичүүлөр ар дайым сени туурап, сени менен ойногусу келет, кичүүлөр сенин күйөрмандарың, фанаттарың”, - деп түшүндүрүп, чыдамдуу, сабырдуу жана түшүнүктүү болууга үйрөткүлө.
- Улуу балаңызга кичинекей кезиндеги сүрөттөрүн көрсөтүп “сен да кичинекей элең, сен да ушинтип күлчүсүң, (ыйлачусуң, ойночусуң). Мен сени көтөрүп уктатчумун, ж.б. окуяларды эскерип айтып бергиле. Мындай сөздөр улуу баланы жумшартып, кичүүлөрүнө түшүнүү менен мамиле кылууга көндүрөт.”
- Кичүүлөрүнө “эжең (байкең) сенин байлыгың, ал ар дайым сени коргойт, жана ар дайым сага жардам берет”, -деп айтып тургула. Ушул эле сөздү улуу балдарга да айтуу керек.
Балким сизде да башкаларга бере турган кеңештериңиз бар? Bilesinbi.kg сайтына же 0704004608 ватсап номерине жазыңыз.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.