// //

Баланы мектептен уруп коюшса эмне кылуу керек?

2019.05.17, 13:23
990

Баланы мектептен уруп коюшса эмне кылуу керек? Барып болушуш керекпи, же бала өз маселелерин өзү чечүүгө үйрөнсүнбү? Bilesinbi.kg’нин суроолоруна психолог Виктория Исакова жооп берди.

  • Балаңызды бирөө жарым таарынтып койсо сөзсүз реакция кылуу керек. Бирок алгач эмне үчүн мындай болгонун жакшылап сурап, изилдеп чыгыңыз. Балким бул классташтардын ортосунда орун алган, катардагы уруш. Андай болсо балаңыз менен сүйлөшүп, урушту болтурбай коюнун жолдорун түшүндүрүп бериңиз.
  • Ал эми мындай көрүнүш системалуу кайталынп жатса, бала мектепке баргысы келбей качса, маанайы суз болсо, үйго келгенде кийими кир, бети башы көк ала болуп келсе сөзсүз кийлигишүү керек. Бала менен сүйлөшүп, сиз ал тарапта экениңизди айтыңыз. Мектепке барып мугалими менен сүйлөшүп, эмне үчүн мындай болуп жатканын аныктаңыз. Ошого жараша чара көрүңүз. Тилекке каршы мектептеги булинг биздин коомубуздун чоң көйгөйлөрүнүн бири.  
  • Ар дайым сизге таяна ала турганын айтып, ар дайым бала тарапта боло турганыңызды ишендириңиз. Баланын өзүнө болгон ишенимин арттырыңыз. Мында спорт эң жакшы жардам берет.
  • Ошондой эле өзүңүз да балаңызды кемсинтпегиле, урбагыла, башкалар менен салыштырбагыла. Үйдөн кордук көрүп чоңойгон бала өз кызыкчылыгын коргой албайт же тескерисинче ашкере агрессивдүү болуп калат. Балага сын пикир айткыңыз келсе анын өзүн эмес, жасаган ишине сын айткыла. Мисалы: “сен үйдү жыйнаган жоксуң, жалкоосуң”, - эмес, “үйдү жыйнабай койгонуң жаман болду, чачык үйдү көрүп ачууландым”.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт