// //

Насыя алаардан мурун эмнелерди билүү керек? Адистен 5 кеңеш

2019.05.14, 17:08
736

«Компаньон Банкы» ЖАК кредиттөө башкармалыгынын регионалдык менеджери Адилет Темирбеков насыя алаардан мурун эмнелерди билүү керек экенин айтып берди.

  1. Кредит алаардан мурун максаттыңызды тактап, план түзүңүз. Канча сом аласыз? Ай сайын төлөнчү сумманы төлөөгө мүмкүнчүлүгүңүз жетеби? Жакшылап ойлонуңуз.
  2. Кыргызстандын рыногунда 25 банк бар. Эринбей ар биринин пайыздык ченин изилдеп чыгып, өзүңүзгө ыңгайлуусун тандаңыз.
  3. Сөзсүз түрдө насыя келишими менен таанышыңыз. Юрист менен кеңешиңиз.Талаптарыңызга туура келсе гана кол коюңуз.
  4. Учурда банктардан ар кандай максаттарга насыя алса болот. Андыктан эмне үчүн кредит алып жатканыңызды жашырбаңыз. Муздаткыч үчүн деп, башка жакка жумшоонун кереги жок. Айып пул төлөйсүз.
  5. Эч качан башка бирөөгө насыя алып бербеңиз. Кредиттик тарыхыңыз бузулуп, кийин өзүңүз алалбай калышыңыз мүмкүн.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт