// //

Орозо жөнүндө кызыктуу 10 факт

2019.05.11, 22:20
4099

  1. Орозо ислам календарынын 9-айына туура келет. Мусулмандардын календары 12 айдан турат. Алардын ичинен эң ыйык болуп Орозо айы эсептелинет.
  2. Дүйнө жүзүндөгү мусулмандардын орозо кармоо убактысы кескин айырмаланат. Мисалы Австралияда жашаган мусулмандар 9 саат гана кармашат. Ал эми Швеция жана Исландияда тургандардын оозу 20 саатка чейин бек болот.
  3. Рамазан – деген сөз араб тилинде “күндүн ысыгы”, “ысык”, “күйгүзүүчү” деп которулат.
  4. Орозо айы мусулмандардын календарына ылайык башталгандыктан жыл сайын 10-11 күнгө алдыга жылып турат.
  5. Орозо айында жыл ичиндеги эң ыйык түн – Кадыр түн бар. Ушул түнү Курандын алгачкы аяттары түшкөн деп эсептелинет.
  6. Орозо айында атайын намаз – таравих намазы окулат.
  7. 2016-жылдагы орозо эң оор жана узак болгон. Кыргызстан мусулмандарынын оозу 18 саатка бек болуп, бул күндөр жылдын эң ысык учуруна туш келген. Ал эми кийинки 16-17 жылдын ичинде орозонун узактыгы улам кыскарып отурат.
  8. Экономисттердин эсептөөсүнө ылайык орозо айы экономикага өз таасирин тийгизет. Эгер ооздун бек болуп турган убактысы 1 саатка кыскарса, өлкө ичиндеги экономикалык өсүүнүн темпи 0,6-0,9%га көтөрүлөт экен.
  9. 828 метрлик Бурдж-Халифа асман тиреген имаратынын тургундары Дубай шаарынын башка жашоочуларына караганда күндү бир канча убакыт көбүрөөк көрүшөт. Буга байланыштуу Араб Эмираттыгынын ислам иштери боюнча департаменти атайын фатва чыгарган. Ага ылайык, 150-кабаттан жогору жашагандар үчүн ооз ачуу убактысы бекитилген убакыттан 3 мүнөткө кеч.
  10. Айрым өлкөлөрдө орозону кармабай коюу мыйзам бузгандык болуп саналат. Атайы орозо кармабагандар айып-пул төлөп, коомдук иштерди аткаруу жазасына тартылат.

Маалымат islam-today сайтынан алынды.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт